Баткенде жаңы жумуш орундарын түзүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар мекемелер дипломдор менен сыйланды

Өткөн жыл ичиндеги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорку деңгээлде аткаргандыгы үчүн жана аймакка социалдык, маданий объекттерди курууда, инвестиция, микрокредиттерди тартууда, жаңы жумуш орундарын түзүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн бир катар мамлекеттик мекемелерди өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков 28-апрелде өткөн коллегиялык жыйында дипломдор менен сыйлады.

Алар Лейлек райондук администрациясы, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы, ал эми 3-даражадагы диплом менен Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясын сыйланды.

Ошондой эле Жеңиш Разаков 2013-жылды Баткен облусу мыкты жыйынтыктаганын белгилеп, 2014-жылы да ушундай көрсөткүчтөрдү камсыз кылып, облустун келечеги үчүн бирдикте иш алып баруу керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан