Электр энергияны колдонуу боюнча “социалдык ченем” түшүнүгү киргизилди

Тарифтик саясаттын принциптерин ишке ашыруу максатында 2014-жылдын 1-июлунан тарта айына (суткасына) электр энергияны керектөөнүн социалдык ченеми түшүнүгү киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде маалымат жыйынында КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин астындагы Тарифтик саясат боюнча департаментинин башчысы Миргүл Айдарова билдирди.

Анын айтымында, жылытуу мезгилине чейинки аралыкта (апрель-сентябрь) 300 киловатт-саат, күз-кыш мезгилинде (октябрь-март) 600 киловатт-саат керектөөнүн социалдык ченемин белгилөө сунушталат. "Бул тиричилик абоненти электр энергиясын жогорудагы көрсөтүлгөн керектөө ченемдердин чегинде керектегенде, абонент бардык керектеген көлөм үчүн социалдык тариф боюнча төлөй тургандыгын билдирет. Ал жыл сайын инфляциянын деңгээлине карата түзөтүлүп турат”,- деди Айдарова.

Эскерте кетсек, КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жаңы тарифтик саясатына ылайык, 

300 киловатт-саат 70 тыйындан болот. Эгер электр энергия ушул социалдык ченемден ашыкча колдонулуп кетсе, абонент 1,2 сомдон төлөөгө мажбур болот, ал эми электр жылытууну колдонуучулар киловатт-саатына 2,2 сомдон төлөйт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан