Жамгыр ар бирибиздин жашообузга өзүнчө таасир калтырат. Айрымдар мурун жамгырда калган окуяларын эстеп, тек гана терезеден суктанып отурган болсо, кээ бири "тезинен үйгө жетсем" деп шашылышат. Жамгыр жөнүндө адамдардын ой-толгоолорун окуп таасирлендим.
"Бийик тоолуу райондордо, жайлоолордо эки сааттын биринде нөшөрлөп мөндүр аралаш жааган жамгыр кулак-мурунду тызылдатып, өчү бардай төгүп салчу. Энтигип, аба жетишпей, жетер жериңден үмүт үзүп, арасат жолдо таштай катып, амандыгыңды гана тилейт экенсиң. Бир жагынан чагылган тарс-турс болуп чартылдаса, карматпай жүргөн азоо атың да, сайгактап жүргөн уюң да тагдырына баш ийип, жайынан жылбай, туткунга айланат. Жаратылыштын мыйзамына таң каласың..."
"Жамгыр жаап жатат. Тыпылдаган ар бир дабышынан кадимки нотанын үндөрү угулгандай. "Акын, обончуларга ушул жамгырдын нотасы да катуу таасир берсе керек" деп ойлодум. Кол чатыр менен сейилдеп азыр келдим. Бир жерге барышым керек эле. Атайын жөө барып, жөө келдим. Жаан жаагандагы абанын тазалыгы, ай!"
Бишкекте апрель айы жамгырга бай болду. Бирөө чыгармачылыгына эргүү алса, бирөө "быйыл түшүм мол болот" деп сүйүндү. "Апрелдин акыркы эки күнүндө жамгыр жаап, май айында күн ачылат" деген маалымат көпчүлүккө жагымдуу кабар болору бышык.