Бишкекте адистер электр энергиясынын баасынын өсүшүнө каршы чыгышууда

Бүгүн КРнын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин "2014-2017-жылдарга электр энергия боюнча КРнын тарифтик саясаты” долбоорун талкуулаган маалымат жыйынында адистер жана абоненттер электр энергиясынын баасынын өсүшүнө каршылыгын билдиришти.
Энергетика боюнча адис Асан Давлетовдун айтымында, сунушталып жаткан долбоор пара алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. "Эмне себептен жыл сайын электр энергиянын баасы өсүп жатат? Буга аткаминерлер күнөөлүү. Алардын байлыктарын алып, энергетика тармагындагы карыздардан кутулуп чыгышыбыз керек",- деди ал.
Мындан тышкары адис Энергетика министрлигинин кампаларында көптөгөн жабдуулар пайдаланылбай тургандыгын баса белгиледи.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан