Жыл башынан бери Ош шаарында 1487 кара мал, 981 майда жандык, 3 чочко союлуп сатылган. Бул тууралуу Ош шаардык ветеринардык башкармалыгынын башчысы Кумарбек Исаков бүгүн, 29-апрелде билдирди.
"Шаарда 5 атайын мал союучу жай бар. Бул жерде ветеринардык адистердин чечиминин негизинде сойгонго уруксат берилет. Ошону менен катар Ош шаарынын борбордук базарындагы кичи базарларда ар кандай жандыктардын этин, тоок этин, сүт жана сүт азыктарын, жашылча-жемиштерди ветеринардык, санитардык текшерүүдөн өткөрүп, анан гана сатууга уруксат беребиз",- деди ал.