Бишкекте бүгүн, 29-апрелде Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы тамак-аштын сапатын жакшыртуу боюнча тиешелүү секторлор менен биргеликте талкуу өткөрүүдө.
“Саламаттыкты сактоо министрлиги мамлекеттик эмес уюмдар жана донорлор менен биргеликте тамак-аш жаатындагы көйгөйлөрдү көтөрүп, аталган уюмдар кандай көлөмдө жана деңгээлде иш жүргүзө ала тургандыгы тууралуу талкуу өткөрүп жатат. Тамак-аш жаатында көйгөйлөр жетиштүү, ошондуктан бул багыт боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүү зарыл”,- дейт министрдин орун басары Марат Калиев.
Анын айтымында, Кыргызстанда жетиштүү деңгээлде микронутриенттерди албагандыктан, кош бойлуу аялдар жана алардын балдары ар кандай ооруларга кабылууда.
“Кыргызстанда тамак-аш жаатында көптөгөн көйгөйлөр бар, ошондуктан бул туурасында суроолор да көп. Өлкөдө аз кандуулук (анемия) менен жабыркагандардын саны өтө жогору. Мунун себеби, эң биринчиден, тамак-аштардагы темирдин жетишсиздиги менен байланыштуу. Бул эң биринчи эле аз кандуулукка алып келет. Бул кош бойлуу аялдын ичиндеги түйүлдүктүн өрчүшүнө тоскоол болушу толук ыктымал. Ал эми натыйжада энелер да, жаңы төрөлгөн балдары да анемия менен жабыркоодо”,- деди Калиев.