Саруу айылындагы бала бакчада 2,5 миллион сомго капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы бала бакчада 2,5 миллион сомго капиталдык оңдоо иштери жасалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди.

Анын айтымында, бала бакча 140 балага туураланган. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев Саруу айылындагы иш сапарында бала бакчаны ушул жылдын 1-июнунда, Балдарды коргоо күнүнө карата ачуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, 8 миңдей калкы бар Саруу айылындагы бул бала бакча 1995-жылдан бери иштебей турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан