Улуу Британиядагы жаныбарлардын кийимдерин тигүүчү "Omlet" компаниясы эми тоокторго арнап инновациялык күрмө тигип, сатыкка чыгарышты. Атайын термоматериалдан тигилген бул күрмө канаттууларды сууктан, жамгырдан, ысыктан сактайт. Ошондой эле бул күрмөгө түнкүсүн жарык берүүчү атайын кездеме да кошо тигилген. Ал караңгыда калган тоокторду табууга жана жол кырсыктарынан сактоого жардам берет экен. Бул тууралуу бүгүн, 29-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта компаниянын директору Йоханс Пол учурда 15 доллардан сатылып жаткан бул кийимге элдин суроо-талабы жогору болуп жатканын айткан. Анын айтымында, мындай кийимди дароо эле ойдогудай тиге алышкан эмес. Алгачкы тигилген партиясы канаттууларга ыңгайсыздык жаратып, алардын эркин жүрүүсүнө тоскоолдук кылган. Мындан улам дизайнерлер азыркы үлгүнү иштеп чыгууга мажбур болушкан. Текшерүүдөн соң бул үлгүдөгү күрмөнү кийген активдүү тооктордун да ысып, тердебегендиги аныкталган.