Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.
Суроо: - Алты балам бар, турмушубуз оор. Балдарыма жөлөк пул алчумун. Бирок акыркы алты айдан бери бербей жатышат. Себебин билейин деп Социалдык жардам бөлүмүнө барсам, "үйүңдү текшеребиз" дешти. Кашарда өзүбүзчө жашайбыз, бизде пенсия алган киши жок. Үйгө келип эч ким текшере элек, сырттан эле бүтүм чыгарып коё беришеби? Суроону Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Асаналиева Салтанат калтырган.
Жооп: - Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 29-декабрындагы “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндөгү” №318-мыйзамына ылайык, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пул үй-бүлөнүн жан башына туура келген жыйынды кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө бөлгөндө кепилденген эң төмөнкү кирешенин, башкача айтканда, 640 сом өлчөмүнөн ашпаган шартта дайындалат жана жашаган (катталган) жерлери боюнча же иш жүзүндө жашаган (убактылуу катталган) жери боюнча төмөндөгүдөй кайрылышат:
- айыл жеринде жашагандар - айыл өкмөттөрүнө;
- шаарда жашагандар - Социалдык өнүгүү башкармалыктарына.
Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын алгачкы аныктоо айыл жерлеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн комиссиялары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аз камсыз үй-бүлөнүн социалдык паспортунун негизинде жүргүзүлөт.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үй-бүлөнүн жөлөк пулга муктаждык деңгээлин аныктап чыккандан кийин комиссиянын отуруму Социалдык өнүгүү башкармалыгына сунуш берүү же бербөө чечими кабыл алынат. Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо негизги иши окуусу боюнча алынган кирешелер (эмгек акы, стипендия ж.б.), негизги иши эмес боюнча алынган кирешелер (КРнын мыйзамына ылайык алынчу алименттер, белекке алуу, мураска калтыруу ж.б.) экономикалык иш (ишкердик, патент) жүргүзүүдөн, жер үлүшүнөн алынган кирешелер жана Социалдык фонд аркылуу төлөнүп жаткан пенсиялар кирет.
Мындан тышкары үй-бүлөнүн айыл чарбалык жаныбарлары бар болсо, ай сайын берилүүчү жөлөк пулга муктаждыгы үй-бүлөнүн сандык курамына жана малынын санына ылайык төмөнкүчө аныкталат:
- Эгерде үй-бүлөнүн сандык курамы 10 адамдан аз (1-9) болсо, үч жана андан көп ую же 2 жана андан көп кунажыны, букасы, бир жаштан өткөн ургаачы торпогу жана өгүзү, 2 жана андан көп жылкысы, же 25, же андан көп кой-эчкиси болсо, анда үй-бүлөнүн жөлөк пул алууга укугу жок;
- Эгерде үй-бүлөнүн сандык курамы 10 адамдан көп болсо, 4 жана андан көп ую, 3 жана андан көп кунажыны, букасы, бир жаштан өткөн ургаачы торпогу жана өгүзү, 3 жана андан көп жылкысы, же 35, же андан көп кой жана эчкиси болсо, анда үй-бүлөнүн жөлөк пул алууга укугу жок.
Тоң райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, сиз 2013-жылдын 1-августуна чейин беш балага 2471 сом өлчөмүндө ай сайын берилүүчү жөлөк пул алып келгениңизди, ошол учурда кашарда мал баккан үчүн үй-бүлөлүк киреше өзгөргөндүгүнө байланыштуу жөлөк пул токтотулганын билдиришкен.
Ал эми сиздин үй-бүлө жөлөк пулга муктаж экендиги боюнча кайрадан карап чыгып, Улахол айыл аймагынын комиссия отуруму чечим кабыл алып, Социалдык өнүгүү башкармалыгына сунуш бергенден жана тиешелүү документтерди даярдап тапшыргандан кийин жөлөк пул дайындаларын билдиребиз.
Суроого Социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Тургунбаева Мира Эсеновна жооп берди.
Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.