Лондондук жаш жубайлар бал айында Кыргызстанга келип кетишти

Учурда көпчүлүк жаштар бал айын деңиз жээгинде, кымбат отелдерде өткөрүшөт. Алардан айырмаланып биз сөз кыла турган лондондук 32 жаштагы Кэт менен 34 жаштагы Стив Тернер дүйнө жүзүн айланып чыгууну максат кылып, 2012-жылы апрель айында эки кишилик велосипед менен Жаңы Зеландиядан сапарын башташкан. Алардын мындай өзгөчө сапары тууралуу жакында чет элдик бир топ маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эки жаш 674 күндүн ичинде 3 континентти басып өтүшкөн. Велосипеддин педалын кыймылдатып жүрүп отурган алар Австралия, Малайзия, Индонезия, Таиланд, Лаос, Вьетнам, Кытай, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркия сыктуу бир катар өлкөлөрдө болушкан. Көптөгөн чөлдөрдү, токойлорду аралап, сууларды кечип, ал тургай катуу жер титирөөлөрдү баштан өткөргөн алар март айында өз мекенине кайтып келишкен. Эки жашты жакын туугандары, достору, ата-энеси кучак жайып тосуп алышкан. Стивдин атасы "Мен булар кетип жатканда "эки жума жүрсөңөр да чогуу кайтып келгиле" деген кеңеш берген элем. Минтип балдарым аман-эсен кайтып келишти" деп кубанычын жашырбаган. 

Бир канча өлкөлөрдө болгон эки жаш Кыргызстандан өзгөчө таасир алышканын жашырышкан эмес. "Кыргызстан деген өлкө бар экенин уккан эмес экенбиз. Жадакалса башында анын атын айтууга тилибиз келбей жаткан. Бийик-бийик тоолору, жаратылышы кооз өлкө экен. Боз үйдүн тигилишине өз көзүбүз менен күбө болдук. Ал гана эмес, асмандагы жылдыздарды карап анда түнөп да көрдүк. Мемиреген тынчтык...

Калкы абдан меймандос, боорукер келишет экен. Жолдо жүргөнүбүздө унаа менен бараткандар шоколад, суусундуктарды берип өтүп жатышты. Айрымдар үйүнө конокко чакырып, өзгөчө даамдуу тамактарды жасап беришти",- деп жакындарына биздин өлкө тууралуу айтып беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
linara
2014-04-30 08:42:46
Жолдошум экообуздун кыялыбыз да ушундай - велосипед менен дуйно кезуу. Бирок бизге 2 орундуу велосипедден коро 1 орундуу MTB ынгайлуу. Азырынча Туш.Кореяны кыдырып буттук.Кезектеги олко Австралия. Европа олколору, Туш.Корея,Япония Австралия сыяктуу олколордо велотуризм абдан жакшы жолго колган. Велосипедчен жургунчулор учун guesting системмасы; тамакануучу-эс алуучу жайлар, велосипеддерди ондоочу мастерскойлор велотрассанын жолунда жайгашкан.Эн кызыктуусу велосипед жолдору укмуш кооз жаратылыш
+1
linara
2014-04-30 08:43:57
койнундан отот. Кыскасы вело-саякат, жагымдууга+пайдалуу нерсе экен. КГда Ысык-Колдун жээгин бойлой велотрасса курулат деген кабарды угуп абдан кубандык эле. Ким билет ишке ашат бекен..?
0
INailia
2014-04-30 08:48:18
Кыргызстанга да келгендери жакшы болуптур.Негизи туристерге озгочо мамиле кылыш керек деп ойлойм,мамлекетибиз жонундо жаман айтып атышканда эли аябай жакшы дегидей.Эх мамлекети да кучтуу,бай,эли да меймандос,ыймандуу деген ой-создорго татыктуу болсок кана?
+3
jypara1415
2014-04-30 10:18:46
Сонун жанылык го .Туристтердин коп келгени жакшы , КЫРГЫЗСТАНЫБЫЗ маданияты , кооздугу , бир гана жакшы жагы менен дуйного таанылса экен !
0
youngyoung
2014-04-30 11:36:22
"Жолдо жүргөнүбүздө унаа менен бараткандар шоколад, суусундуктарды берип өтүп жатышты". Кана эми дайыма ушундай мамиле кылып турсак.
+3
peri...97
2014-04-30 13:11:59
Жашоооо ушулардыкы экендааа,дуйно кыдырып биз эле олгончо иштеп тапкандын баарын тойго чачабыз....
+8
aminali
2014-04-30 16:55:24
Usundai korkunu4tuu adamdardyn kelgenine da raxmat,Kyrgyzstandy izdep bar ekenin bilgizip!Prins menen prinsesany elestetip kire kalgam da)))).
+1
abaychik
2014-05-01 18:25:41
Сонун кабар экен!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан