Бүгүн, 30-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Ала-Тоо конушундагы Ала-Тоо, Көк-Кыя көчөлөрүндө, Кара-Жыгач конушундагы Толстой, Оберон көчөлөрүндө, Бакай-Ата конушундагы Көкчө, Анар, Зулайка, Сейтек, Табылды, Ак-Уул көчөлөрүндө, Эне-Сай конушундагы №14, 15, 16, 17-үйлөрдө, Ак-Тилек конушундагы Чамгарак, Ат-Айнак, Ак-Өргөө конушундагы Ашар, Гагарин, Саадак, Кыбыла көчөлөрүндө "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылат. Бул тууралуу 29-апрелде"Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ага байланыштуу аталган аймактарда убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт.