Бүгүн, 30-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Дордой-2 конушунда, Юг-2 районунда, Байтик баатыр, Горький көчөлөрүндө "Башкы" көмөк чордондорунан тараган 10 киловатт электр берүү чубалгыларындагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле 30-апрелде саат 9:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Васильевка, Бирлик айылдарында, Жайыл районундагы Ставрполовка, Степное айылдарында жогорку чыңалуудагы "Бирлик", "Ставрополовка" көмөк чордондорундагы оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.