Президенттин резиденциясына кондитердик азыктарды сатып алууга республикалык бюджеттен 153 329 сом бөлүндү. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар боюнча расмий сайтта жайгашкан. |
Маалыматка ылайык, Президенттин иштерин башкаруу башкармалыгы жалпы суммасы 153 329,75 сомдук 175 килограмм кондитердик азыктарга тендер жарыялады. Сатылып алынуучу кондитердик азыктар коммерциялык иш-чараларга колдонулары маалым. Аталган тендер 16-май күнү өтөт.
|