“Чоң-Кемин” жаратылыш паркында илбирс, аюу, сүлөөсүн сыяктуу жапайы жаныбарларды сүрөткө тартуучу фотокапкандар орнотулду (фоторепортаж)

Кечээ, 29-апрель күнү “Чоң-Кемин” жаратылыш паркында илбирс, аюу, сүлөөсүн сыяктуу жапайы жаныбарларды сүрөткө тартуучу фотокапкандар орнотулду. Муну менен Кыргызстандын аймагында кандай жаныбарлар бар жана алардын саны канча экендигин аныктоого болот. Аларды орнотуу иш-чарасына Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин, “Чоң-Кемин” жаратылыш паркынын жана Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргызстандагы филиалынын өкүлдөрү катышышты. Өткөн жылы 16 фотокапкан орнотулса, быйыл 10 фотокапкан коюлду.

Айта кетсек, “Чоң-Кемин” жаратылыш паркынын жалпы аянты 123 миң гектарды түзөт. Анда өсүмдүктүн 630дан ашык түрү жана илбирс, сүлөөсүн, аюу, марал сыяктуу жаныбарлар бар. Парк 1997-жылы жаратылышты коргоо максатында уюшулган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn1980
2014-04-30 17:27:29
вобще сонун жер экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан