“Жогорудагы кайрымдуулук фонду бизге 7 жылдан бери жардам берип келет. Бул жолкусунда биздин борбор муктаж болуп жаткан кан оорусу менен жабыркаган бейтаптардын кан тамырынын согушун, жүрөктүн иштешин жана анын согушун, дем алуучу органдарды көзөмөлгө алуучу 3 аппарат өткөрүлүп берилди.
Өз баласына жардам берүү - ар бир ата-эненин парзы, ал эми мындай оорулар менен жабыркаган балдарга жардам берүү жакшы адамдардын колунан гана келсе керек”,- деди аталган борбордун директору Камчыбек Узакбаев.