Жалал-Абаддагы селден жабыркаган көпүрө калыбына келтирилди

Жалал-Абаддагы селден жабыркаган көпүрө калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 1-майда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, көпүрөнү калыбына келтирүү иштерине Кытайдын “Чайна-Роуд” ишканасынан 1 жүктөгүч жана жергиликтүү эл тарабынан 60 адам тартылып, 30-апрелде жол каттамы толугу менен ачылды.

Эске салсак, Тайгараев айыл аймагындагы Кызыл-Суу айылында 29-апрель күнү жааган жамгырдан улам сел көпүрөнү алып кеткен. Натыйжада Кызыл-Суу айылында жашаган 150 түтүн үй-бүлө унаа каттамысыз калган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан