Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата чуркоо жана жеңил атлетика боюнча мелдештер өтүүдө (фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата “Ала-Тоо” аянтында мектептердин райондор арасындагы мелдештери өтүүдө. Шаардык мэрия, Дене тарбия жана спорт комитети уюштурган мектеп окуучулары арасындагы 1000 метр аралыкка чуркоо, жеңил атлетика боюнча жана аркан тартыш сыяктуу мелдештер өткөрүлүп жатат. Ага борбордун төрт районунун мектеп окуучулары, жогорку окуу жай, орто кесиптик окуу жайлардын студенттери жана мэриянын структуралык кызматкерлери катышууда. 

“Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата 15 жылдан бери ар кандай иш-чаралар уюштурулуп келет. Быйыл бул майрамга карата жеңил атлетика жана 1000 метр аралыкка чуркоо боюнча кыз-уландар арасында жарыш өтүүдө. Иш-чарага борбордун 4 районунан 2 миңге жакын адам катышып жатат. 1, 2, 3-орундарды ээлегендерге атайын сыйлыктар, медаль жана ардак грамоталар ыйгарылууда”,- деди Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Борбордо болуп өткөн веложарышка шаар мэри Кубанычбек Кулматов да катышты. Жарышка 650дөн ашуун адам катышып, ал Түштүк магистралдан башталып, “Жеӊиш” сейил багында аяктады.

“Эртең мененки иш-чарага мэр келип катышып, жарышка түшкөн согуш жана эмгек ардагерлерине, ошондой эле 9 жашка чейинки катышуучулардын баарына белек жана сыйлыктар тапшырылды”,- деп кошумчалайт Бакиров.

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан