“Ата Мекен” партиясынын жаштар канаты 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык майрамына карата шаар тургундарына чакан концерт тартуулады (фоторепортаж)

Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин тилектештиги, жаз жана эмгек күнүнө карата “Ата Мекен” социалисттик партиясынын Бишкек шаардык уюму шаардагы сейил бактарынын биринде чакан концерттик программа уюштурду.

Программанын расмий бөлүгү ЖКнын депутаттарынын куттуктоо сөздөрү менен башталды. “Ата Мекен” фракциясынан ЖКнын депутаты Райкан Төлөгөнов СССР мезгилинде бул майрамга терең маани берилип, элдин баары майрамдоого чыгып жүргөнүн эскерди. Элге майрамдык маанай каалоо менен ал бул майрамды унутта калтырбоо керектигин белгилеп өттү. Андан тышкары ЖКнын депутаттары Асия Сасыкбаева менен Наталья Никитенко сөз алып, элди кызуу куттукташты.

3 саатка жакын убакытка созулган концерттик программанын алкагында бий бийленип, ыр ырдалып, куудулдар күлкү тартуулашты. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
salfego
2014-05-01 17:42:43
bul wailoo jakyndady degen belgi)
+1
GUMU
2014-05-02 10:23:48
менин билишимче бул иш чараны жыл сайын откоруп келишкен, салттуу иш чара десек болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан