Бүгүн, 1-Май - Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан Барпы театрынын алдында майрамдык кече уюштурулду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында концерттик программа тартууланып, спорт оюндарынын түрлөрү ойнолду. Анда вице-мэр Таирбек Чойбеков куттуктоо сөзүн сүйлөп, мэриядан 100 миң сом акча каражаты майрамдык салтанатка бөлүнгөндүгүн айтып өттү.