Оштогу кесиптик окуу жайларда жашы 40тан өткөндөр да окуйт

Оштогу кесиптик окуу жайларда жашы 40тан ашкандар да окуйт. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда №12-кесиптик окуу жайдын башчысынын орун басары Бөрүбай Имарбеков кабарлады.

Кесиптик билим алууну каалагандар үчүн 3 жылдык жана 3 айлык  курстар ачылган. Азыркы учурда жогорку окуу жайды аяктаган 20дан ашуун студент билим алууда. Арасында 40 жаштан өтүп калгандары да бар. Булардын көпчүлүгү сабактан кийин өз кесиби менен иштегендер. "Бизге мынча жумушчу керек" деп келгендер студенттердин арасынан карап, тандап алышат. Алар окууну бүткөндө уста же тигүүчү болуп жумушка орношушат”,- деди ал. 

Маалым болгондой, аталган кесиптик окуу жайдын сертификаттары чет өлкөдө да жарактуу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан