Бишкекте 6-май күнү Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында Бишкек шаарынын жана Чүй облусундагы Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлеринин өздүк көркөм чыгармачылыгынын XV фестивалынын гала-концерти өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы менен “Кызыл гвоздика” согуш жана эмгек ардагерлеринин коомдук бирикмеси уюштурууда.
“Кызыл гвоздика” фестивалы 2000-жылдан бери үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.