Жогорку Кеңеште Кыргызстандын Орусияга карызын жөнгө салуу боюнча өкмөттөр аралык макулдашууга кол коюлду

Кечээ ЖКда «КР Өкмөтү менен РФ Өкмөтүнүн ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, мурда берилген насыялар боюнча Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясына карыздарын жөнгө салуу тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды. КРнын Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, макулдашууга ылайык, Орусия Кыргызстандын 488,9 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү карызын кечет. Карыздын 189 миллион доллары дароо кечилет, ал эми калган 300 миллион доллар насыя каражаты 2016-жылдан тарта 10 жыл аралыгында ар жылы 30 миллион доллар өлчөмүндө толугу менен жоюлууга тийиш. Эми келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору КРнын Президентине кол коюу үчүн жөнөтүлөт.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан