“Жаштарды жоготуп алсак, келечегибизди жоготобуз” дейт адис Марс Сариев

“Кыргызстан көз карандысыздыгын алган соң өлкөнүн бийлиги жаштарды туура тарбиялоо жагын колдон чыгарып алды” деп айтты бүгүн, 8-майда тегерек столдун жүрүшүндө адис Марс Сариев.

Анын айтымында, жаштарга тарбия берүү, баалуулуктарды үйрөтүү ар бир өлкө үчүн өтө маанилүү. “Элде жакшы бир сөз бар, "душманды жеңгиң келсе, анын балдарына тарбия бер" деген. Өлкөбүздүн бийлиги жаштарыбызга көңүл бурушу керек. Маселен, Совет доорундагы пионер же америкалык бой-скаут деген сыяктуу тарбия берүүчү уюмдарды ачышы зарыл”,- деп пикири менен бөлүштү адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан