Ала-Бука районунун Ызар айылына Улуу Ата Мекендик согушка барып, кайтпай калган 168 жоокерге арналган эстеликтин ачылыш аземи бүгүн, 8-майда болуп өттү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.
Ага аким Алымкул Кулуев баш болгон райондун активи, ардагерлер, айыл тургундары катышты. Маалым болгондой, саамалыктын жүрүшүндө курман болгон жоокерлерге куран окулуп, аскерлер асманга ок атышты.