Ош шаарында жалпы республикалык тестирлөө 17-20-май аралыгында өткөрүлөт. Бул тууралуу кечээ, 8-майда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош шаарында мектептердеги бүтүрүүчүлөрдүн жалпы саны - 3056. Анын ичинен сырттан окуу бөлүмдөрүн бүтүп жаткандар 1124тү түзөт.
Жалпы республикалык тестирлөөгө катталгандардын жалпы саны - 2704.
Айта кетсек, сынактын жыйынтыгы 25-июнга чейин чыгарылып, сертификаттар таркатылат.
Ошондой эле каттоо мезгилинен кечигип, катталбай калгандар үчүн каттоо 16-май күнү жүргүзүлөт.