Алай районундагы "Жеңиш" сейил багында 9-майда майрамдык салтанат өтүп, ага согуштун 16 ардагери катышты. Улуу Ата Мекендик согушка арналган эстеликтин алдына гүлчамбарлар коюлуп, эскерүү мүнөтү болду. №92843-аскер бөлүгүнүн аскерлери тарабынан асманга залп атылды. Согуштан кайтпай калган ата-бабаларыбызга багышталып куран окулду.
Иш-чарага Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов жана өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы Алмамбет Салиев катышты.
Согуштун ардагерлерине сый тамак уюштурулуп, 3 ардагерге 6000 сомдон акчалай сыйлык жана баалуу белектер берилди.