Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен 5300дөн ашуун адам катталган

Республикалык “СПИД”  борборунун билдирүүсү боюнча, үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен 5337 адам катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Анарбек Алимахунов билдирди.  

Маалыматка ылайык, 12-13-май күндөрү кыргыз делегациясы Орусияда өтүүчү Чыгыш Европа жана Борбор Азиядагы ВИЧ/СПИД боюнча суроолор тууралуу IV конференцияга катышууда.   

“2012-жылы Орусия 2013-2015-жылдар аралыгында Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө ВИЧ/СПИД менен күрөшүүгө максаттуу каражат бөлүп берген. Орусияда 12-13-майда өтүүчү жолугушууда аталган долбоордун ишке ашуусу боюнча биринчи натыйжалары талкууланып, ВИЧ/СПИД илдетин дарылоо жана алдын алуу боюнча мастер-класстар көрсөтүлмөкчү”,- дейт А.Алимахунов.

Ошондой эле аталган жолугушууда кыргыз делегациясына жыныстык жол менен жугуучу ВИЧ жана башка инфекцияларын текшерүүчү көчмө лаборатория тапшырылмакчы. Лаборатория КамАЗ үлгүсүндөгү унаанын базасында курулган жана анда гинеколог, тери жана венерологиялык ооруларды текшерүүчү бөлүмдөр жайгашкан. Лаборатория республикадагы медициналык көчмө борборлордой эле алыскы калктуу конуштарда колдонулмакчы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
clever777
2014-05-12 11:00:56
Бул катталгандын саны. Бизде кыргызчылык кылып жашырып жургондор да толтура.
+1
jypara1415
2014-05-12 12:23:31
Тообо . 5 айдын ичинде 5337 адам катталса шумдук . Сойкуканалардын кесепетинен болсо керек .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан