Бүгүн, 14-майда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда таланттуу ырчы Аскат Мусабеков жеке чыгармачылык концертин берди. Эл залга жык толуп, кече 18:30да башталды. "Жеке чыгармачылык концерт" деп аты айтып тургандай, кечеде Аскат жалгыз башкы ролдо ойноп, концерттин алып баруучусу да, аткаруучусу да өзү болду. Ал Бишкек мэриясынын алдында түзүлгөн оркестрдин, эл аспаптарынын коштоосунда жаңы жана убагында хит болгон ретро ырларды жандуу үн менен аткарып, залды шаңга бөлөдү. Келген элдин көпчүлүк бөлүгүн улуу муундун өкүлдөрү түзүп, алар сурантпай кол чаап, ырчыга кошулуп ырдап жатышты.
Албетте, ырчыны куттуктап келип, элге ыр арнагандар да болду. Алар: Мээрим Карыпова, Сыймык Бейшекеев, Токтобек Асаналиев, Алтынбек Каленов, Алтынбек Кадыралиев, "Чоро" тобу. Аскат булар менен дуэт, триолорду аткарганга жетишти.
Кайсы концерт бийсиз өтсүн?! Ырчыны бүгүнкү концертте "Миң кыял" жана "Агама" бий топторунун суйкайган кыздары бийлеп коштоп турушту. Концерттин дагы бир өзгөчөлүгү, ырчынын айрым чыгармалары театрлаштырылып, анда Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык театрынын артисттери өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.
"Концерттин эң негизги максаты - акча табуу эмес, бир-эки тепкич болсо да чыгармачылык деңгээлимди өйдө көтөрүү. Алгачкы концертимди 2008-жылы бергем. Албетте, кемчиликтер болгон. Аларды көрүп уялып, чыгармачылык акырындык менен оңолот турбайбы деген ойго жетелендим. Азыр ага караганда бир аз өсүп, репертуарым жаңы ырлар менен толукталып, жаңыча көз караштар пайда болду",- дейт Аскат Мусабеков бул концерти тууралуу.
Белгилей кетсек, бул концерт эртең, 15-майда да уланат.