Бишкекте бүгүн, 14-майда Кыргыз драма театрынын имаратынын жанында "Кудайберген" базарынын сатуучулары соода орундарынын ижара акысынын жогорулашына каршылык билдирип, экинчи ирет нааразылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу окуяга күбө болгон өздүк булактарыбыз кабарлады.
Маалыматка ылайык, сатуучулар ижара акысын көтөрбөөнү талап кылышууда. Андай болбосо кезексиз митингге чыга тургандарын билдиришти. Аталган акцияга 100гө жакын адам катышты. Учурда алар өз ордуларына тарашты. Буга чейин базардын сатуучулары айласыздан иштеп жатышкандарын айтып келишкен.
Эске салсак, апрель айынан бери Кыргызстандагы эң ири автотетик сатуучу "Кудайберген" базарынын сатуучулары ижара акысы эки эсе көтөрүлгөнүн айтып, нааразылык акциясын уюштурушкан эле. Бирок ал аракет натыйжа берген эмес.
Базардын жетекчилиги мындай кадамга 2005-жылдан бери жерге болгон ижара, салык төлөмдөрү көтөрүлгөнүнөн улам барганын жана ижаранын баасы соодагерлердин каршылыгына карабастан көтөрүлөрүн айткан.