Австралиянын эң ири шаары Сиднейде 27 жаштагы Кейт Огг ай-күнүнө жетпей эгиз бала төрөгөн. Төрөт оор болгондуктан, эгиздин түгөйү клиникалык өлүм (дем алуусу менен кан айлануусу токтоого чейин барган өтө терең, бирок жашоо органдарынын иш-аракети кайра кайтарыла турган абал) абалында төрөлгөн. Дарыгерлер "төрөт оор өттү, биз уулуңарды сактай алган жокпуз, аны менен коштошуп алыңыздар" деп ымыркайды ата-энесине беришкен. Андан кийинки окуяны керемет деп атасак да жарашчудай. Жансыз уулунун денесин бооруна кыскан эне аны менен 2 саат бою сүйлөшүп жатып тирилтип алган. Бул тууралуу өткөн аптада чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта белгиленгендей, Кейт бир уул, бир кыздуу болгон. Эгиздин түгөйү эркек баласы (атын Жейми деп аташкан) клиникалык өлүм менен төрөлгөн. Дарыгерлер "ымыркай чарчап калды" деп жыйынтык чыгарган соң, бала ата-энесине берилген. Дарыгерлер ата-эненин ыйын, ызы-чуусун күтүшкөн, бирок Кейт ыйлабастан, баласын таптап “сенин карындашың Эмилинин абалы жакшы, биз сага кабатыр болуп жатабыз...” деп ар кайсы нерселерди айтып 2 сааттан ашуун убакыт жансыз ымыркайына сүйлөп берген.
Кейт “уулум дем алды” деп дарыгерлерге айтканда алар “бул жөн гана рефлекс, сабыр кылыңыз” деп коюшкан.
“Жейми өлүү төрөлдү дегенде аргасыздан үмүтүбүздү үзүп койгонбуз. Аны менен коштошордо биз аны жакшы көрөрүбүздү жана аны жоготуу бизге өтө оор болгонун, анын муздак денесин кучактап, биздин жылуулугубузду жана болгон сүйүүбүздү билдиргибиз келди. Кейт "көйнөгүңдү чечип, уулуңа жакын бол, биз аны жылытабыз" деди. Ошентип, бир нече мүнөттүк коштошуу 2 сааттан ашуун убакытка созулду. Уулубуз көзүн ачканда көргөн көзүбүзгө ишенбей, "ал биз менен коштошууга көзүн ачты" деп жашыбызды тыя алган жокпуз. Бирок уулубуз көзүн ачып, жадакалса манжамды кысып, башын чайкап “мен бармын” дегенсиди”,- дейт эгиздердин атасы Дейвид Огг.
Ымыркай жасаган кыймыл-аракеттер секунда сайын күч алып, ага жан кирген. Көргөн көзүнө ишенбеген ата-эне дарыгерди чакырганда ал келбей, эки-үч жолу чакырып, “Өлүк бала да ушинтип кыймылдайбы, бизге түшүндүрүп бергиле?” дегенде гана ал жетип келип, көргөн көзүнө ишенбей, таң калган. Учурда Жейми менен Эмили 5 айга толуп, ата-энесинин бактысы толуп турган чагы.