“Түндүк электр” жарыялаган коопсуздук эрежелерин билүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-майда аталган ишкананын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жума сайын электр тутумуна жакын иштеген адистер коопсуздук сынактарынан өтүп турушат. Кароо-сынактын жыйынтыгында эң мыкты устат жана өндүрүштүк кызматтын электр куроочулары аныкталат.
Сынактын жыйынтыгында Бишкек шаарынын Батыш райондук электр тармактарынан Саматбек уулу Станбек, Талас облусунун Бакай-Ата районунан С.Атиев, Чүй облусунун Кемин райондук электр тармактарынан Н.Саргулов "Мыкты устат" наамына ээ болушту. Аталган кароо-сынактын бардык катышуучуларына Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар ыйгарылды.