Ош - Эркеч-Там унаа жолун бууп турган Алайдагы митингчилер келген милиционерлер менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлдөрүн кууп кетиргени айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда интернет булактарында жарыяланды. Анда маалымдалгандай, абактагы депутат Ахматбек Келдибековду үй камагына бошотууну талап кылган митингчилерди таратуу үчүн күч түзүмдөрү келишкен. Бирок атчан митингчилердин киришүүсү менен Алай РИИБинин башчысы Орол Акбаров менен УКМКнын кызматкерлери аймактан кууп чыгарылган.
Эске салсак, 27-майда Алайда Ахматбек Келдибековдун тарапташтары митингге чыгышкан. Алар Келдибековду абактан чыгаруу талабын коюшуп, Сопу-Коргон айылында Ош - Эркеч-Там унаа жолун тосуп алышкан.