Ысык-Көлдө баңгизаты менен алектенген 2 адам кармалып, камакка алынды

Ысык-Көл облусунда баңгизат менен алектенген 2 адам кармалды. Бул тууралуу 14-январда УМККнын  маалымат кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 9-январда Ысык-Көл облусунун тургундары 1974-жылы туулган А.М.Ж. жана 1966-жылы туулган А.Д.К. 37 даана ширеңке кутусундагы гашиш (550 грамм) менен кармалышты. Бул боюнча Кылмыш кодексинин “Баңгизатын мыйзамсыз түрдө жасоо, сактоо, бир жерден экинчи жерге ташуу, сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Кармалган эки жаран Каракол шаардык ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан