Америкада 5 жашында операция жолу менен эркек балага айланган Риланд аттуу кыз учурда футбол, бейсбол ойноп, ал тургай кыздар менен ак бийге түшүп келет. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Сан-Диего шаарынын тургундары, түгөйлөр Жефф жана Хиллари Уиттингтондор 2007-жылы кыздуу болуп, абдан сүйүнүшкөн. Бирок алар ошол кезде бир нече жылдан кийин ошол кыздын ордуна уул баланы тарбиялап калышарын билишкен эмес.
Ата-энесинин айтымында, Риланд төрөлгөндө эле угуу органдарынан жабыркачу. Кийинчерээк дарыгерлердин жардамы менен угуу жана сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Тили чыккандан тарта ал "мен эркек баламын" дей берет. Башында ата-эне "бала да, айта берет" деп көп этибарга алышпайт. Ошентип күндөр өтө берет. Бир күнү 5 жаштагы Риланд "Кудай неге мени кыз кылып жаратып койду экен?! Силер өлгөндөн кийин мен чачымды кыркып, эркек балага айланам" деп ата-энесин чочутат. Ал гана эмес, кыздарга тиешелүү нерселердин баарынан баш тарта баштайт. Ушундан кийин гана Жефф жана Хиллари Уиттингтондор кызынын маселеси жөн эмес экенин сезип, анын оорусу тууралуу өз алдынча изилдей башташат. Жыйынтыгында алар мындай мүнөздөгү балдардын 41 пайызы өзүн-өзү өлтүрүүгө барышарын билип, Риланддын каалоосуна баш ийип, ага операция жасатышат. Бөлмөсүн да эркек балдарга ылайыктап жасап беришет.
Өткөн жумада, тагыраак айтканда, 29-майда бул үй-бүлө тең укуктуулук боюнча өткөрүлгөн иш-чарага катышып, сыйлык алышты. Иш-чарада Риланддын эркек балага айланган кезде тартылган видеосу көрсөтүлдү. Видеодон соң 7 жаштагы Риланд сахнага чыгып, "Менин атым - Риланд Уиттингтон. Мен транссексуалмын" деп өзүн элге тааныштырган.