"Мага карата коркутуулар болуп жатат. Көрсөтпөгөн кордукту көрсөтүп жатышат",- деди өткөн жылы Таласта зордукталган
Калия Арабекова маалымат жыйыны учурунда.
Анын айтымында, бардык нерселер акча менен бүтүп жатат.
Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында аны зордукташкан. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташкан. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Бирок зордуктоого шектелген сот аткаруучулар кызматтарынан бошотулушканы менен, эркиндикте жүрүшөт. Мындан улам Арабекова өлкө жетекчилигине кайрылып, аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранып жатат.