Баткенде “Суу-Башынын мыкты айымдары” аттуу сынак өттү

Баткендин Суу-Башы айыл округуна караштуу Боз-Адыр айылында “Суу-Башынын мыкты айымдары” аттуу кароо-сынак болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Баткен райондук администрациясынан Гүлчехра Тажибаева билдирди. 

Сынакка Суу-Башы айылына караштуу 4 айылдан эч жерде иштебеген, үйдө отурган 5 айым катышып, берилген тапшырмалардын негизинде өз таланттарын элге тартуулашты.

Суу-Башы айыл округунан 12 миң сом акча каражаты каралып, 1-орунду камсыз кылган Салбар Сапарова кир жуугуч машина, 2-орунду алган Гүлүмкан Ысакова электр меши, 3-4-5-орунду камсыз кылган катышуучулар баалуу белектер менен сыйланышты. Мындан сырткары 80 жаштан ашкан Баатыр энелер чакырылып, алардын ар бирине өкмөт тарабынан ак жоолуктар берилип, сый тамак уюштурулду.

Айта кетсек, иш-чара Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына жана Энелер күнүнө карата өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
momuntay
2014-06-06 16:25:39
Гулумкан утушун менен. Эки кызындын мээримдуу энеси бол
0
Aikoo2014
2014-06-07 15:21:09
Жакшы,жакшы. Уйдо олтурган энелерге жакшы болгон тура.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан