Таласта сот аткаруучу болуп иштеген 3 жаран тарабынан зордукталгандыгын билдирип жаткан Калия Арабекова Талас облусундагы кризистик борборлордун биринде баш калкалап жатат. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-июнда SUPER.KG порталына билдирди.
“Мен учурда Таластамын. Кечээ бул жактагы омбудсмендин өкүлү чакыртканынан келгем. Көрсө, мени зордуктаган балдар башкы акыйкатчыга "укуктарыбыз тебеленип жатат" деген мааниде кат жолдошуптур. Учурда Акыйкатчы институтунун башкы кеңсесинен келишип, бардык материалдар текшерүүгө алынып жатат”,- деди.
Бул боюнча Акыйкатчы институтуна кайрылганыбызда КРнын Акыйкатчысы Бакыт Аманбаев буларга токтолду: “Чындыгында Калия Арабекова бизге кайрылган соң анын укуктары корголушу үчүн бардык аракеттер көрүлүп келген. Бирок жакында кылмышка шектелип жаткан жарандардын жакындары атайын кайрылуу жасап, жолугушууга келишиптир. Алардын айтымында, окуя таптакыр башкача өңүттө болуптур. Кылмышка шектелип жаткан жарандар да кыйноолорго кабылгандыгын айтышты. Андыктан биз бир жактуу болбош үчүн атайын комиссия түзүп, аталган иштин анык чоо-жайын билүү үчүн Таласка жөнөттүк. Биз бирөөнүн укугун коргойбуз деп экинчисинин укугун тебелеп койбошубуз керек. Андыктан ар тараптуу иликтешибиз керек”.
Ал эми Арабекованын сотко нааразычылык билдирип жатканы боюнча Жогорку Сотко кайрылганыбызда аталган мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Айнура Токтошева: “Негизинен аталган факт 2013-жылдын 30-декабрында болгон экен. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө башталганда Калия Арабекова тосмо арыз жазганына байланыштуу кылмыш иши жабылган. Бирок кийин Арабекова Талас облустук прокуратурасына арыз жазгандан кийин аталган иш кайра жанданган. Учурда ал иш боюнча иликтөөлөр жүрүп жатат. Соттун чечими чыга элек, болгону кылмышка шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы кабыл алынган. Качан иш иликтенип бүткөн соң, ал сотко өткөрүлөт. Күнөөлүү болуп табылса, алар сөзсүз өз жазаларын алышат”,- деп билдирди.
Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташканы айтылууда. Арабекованын айтымында, аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташкан. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Зордуктоого шектелген сот аткаруучулар кызматтарынан бошоп, үй камагына чыгарылган. Мындан улам Арабекова өлкө жетекчилигине кайрылып, аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранып жатат.