КРнын Социалдык фонду тарабынан май айында Бишкек жана Ош шаарларынын пенсиялык төлөмдөрүнө 533 миллион сом каражат сарпталды. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаа боюнча 438 миллион 894 122 сом бөлүнсө, Ош шаары боюнча 94 миллион 604 809 сомду түзгөн.
Андан сырткары Мамлекеттик топтолмо пенсиялык фонддун каражаттарынан пенсияларды төлөөдө 1404 пенсионерге 5,7 миллион сом каржыланган.