Ошто III аймактык студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты

6-июнда Ош технологиялык университетинде III аймактык студенттик олимпиаданын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-июнда окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган олимпиада 17-май күнү Ош технологиялык университетинде өтүп, ага Кыргызстандын түштүгүндөгү 9 жогорку окуу жайдын студенттери катышышкан. 

Жалпы жыйынтык боюнча Ош технологиялык университетинин студенттик командасы 1-орунга жетишти. 1-орунду 25 студент, 2-орунду 16 студент, ал эми 3-орунду 18 студент багындырды.

Жеңүүчүлөрдү ОшТУнун ректору Абдыкадыр Абидов баштаган жетекчилик кабыл алып, сыйлыктарды тапшырды. 1-орунга жетишкен студенттерге 1000 сом, илимий жетекчисине 2000 сом, 2-орундун ээлерине 700 сом, илимий жетекчисине 1500 сом, ал эми 3-орунду алгандарга 500 сом, илимий жетекчисине 1000 сом акчалай сыйлыктар берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kg_samat_9595
2014-06-07 12:46:31
ОшТУ алга!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан