Ош. "Студенттерден пара алат" деп кызматынан бошотулган жатакананын комендантынын кайра комендант болгону айтылууда

Ошто "студенттерден пара алат" деп кызматынан бошотулган коменданттын кайрадан жумуш ордуна кайтып келгени талкууга алынууда. Интернеттеги социалдык тармактарга ОшМУда жатаканалар боюнча координатор болуп иштеген Жеңиш Элболдуевге карата Кундуз Усупбаеванын “Жеңишбек, уялбайсыңбы, "акча алат" деген шек менен жумуштан алынган комендантты кайрадан комендант кылып, студенттер менен тааныштырыпсың. Мына, ОшМУнун координаторунун жоруктары. Бирөөнү жумушка аларда анын тарыхына көз чаптырып койсоңор болмок” деген кайрылуусу тарады.

Ал эми SUPER.KG порталына “Ош мамлекеттик университетинде №4-жатакананын "А" блогунун коменданты Анар Кенжебаева 2009-жылдын ноябрь айында "студенттерден пара алат" деп шектелип, аны ОшМУнун мурдагы ректору Муктар Орозбеков жумуштан бошоткон. Бирок жакынкы күндөрү кайра эле ошол жатакананын "Б" блогуна комендант болуп иштөөгө буйрук чыккан. Пара алууга шектелген коменданттын иштөөсүнө студенттер нааразы болуп, ОшМУнун ректору Каныбек Исаковго арыз жазышты. Ректор бул студенттердин нааразычылыгын чечүүнү Тарбия департаментинин директору Замирбек Божоновго тапшырды. Бирок студенттердин талабына азырынча жооп боло элек",- деп билдирди. 

Ал эми жатаканалар боюнча координатор Жеңиш Элболдуев бул маселе боюнча суроого жооп берүүдөн баш тартты.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан