10-июнда 2010-жылдагы Июнь коогалаңынын 4 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, башкармалыктын жетекчилери жана Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары катышат.
Эскерүү иш-чарасы алгач «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде башталат. Мындан тышкары Июнь коогалаңында дайынсыз жоголгондорго арналып курулган мемориалдык тактанын ачылышы болот. Андан сырткары Ош коогалаңында шейит кеткендердин жаркын элесине арналып куран окутулат.