Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында бүгүн, 10-июнда “Жашылча-жемиштерди тамчылатып сугаруу” деген темада бир күндүк семинар өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен билдиришти.
Семинарга биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, аталган министрликтин башчысы Таалайбек Айдаралиев, облус башчысы Эмил Каптагаев жана өлкөнүн бардык облустарынан келген фермерлер катышары айтылды.
Иш-чарада өсүмдүктөрдү жаңы технологиялар менен сугаруу боюнча тасма көрсөтүлүп, дыйкандар бири-бири менен тажрыйба бөлүшмөкчү.