Бүгүн, 10-июнда Кыргызстан Ош жана Жалал-Абад облустарында 4 жыл мурун болуп өткөн каргашалуу коогалаңды эскерүүдө. Жакындарын жоготкондор, жарааты айыга элек жабыркоочулар, өрт коюлган коломтонун ээлери дагы бир ирет жүрөгүнөн ошол суук күндөрдү өткөрүшөт.
1990-жылы Ош шаарында этностор аралык пикир келишпестик тарых барактарына жазылып калган. Анда болжол менен 4 миңге жакын кырдаал иликтенип, 3215 кылмыш иши катталган. 1,5 миңге чукул кылмыш иши козголуп, анын 300дөйү сотко жөнөтүлгөн. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында 48 адам зомбулук, адам өлтүрүүгө аракет кылуу боюнча айыпталып, эркинен ажыратылышкан. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондо алардын басымдуу бөлүгү мунапыска кабылышкан.
2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, анын ордуна Убактылуу өкмөттү жетектеп Роза Отунбаева келген.
Айрым маалымат булактары 13-майда Бакиевдин тарапташтары Ош жана Жалал-Абад облустарындагы администрациясын басып алганы тууралуу жазып чыгышкан. Алардын өз губернаторлорун шайлап, бийликти кулатуу үчүн Бишкекке адамдарын жибергени айтылган.
14-майда Жалал-Абадда баш аламандык орун алып, натыйжада Убактылуу өкмөт облустук администрацияны кайтарып алган.
Чогулган эл Бакиевдин туулган айылына барып, аларга тиешелүү үйлөрдү өрттөп салышкан. 19-майда өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровго каршы митинг өткөн. Аны аймакта орун алган баш аламандыкка күнөөлөшүп, жоопко тартууну талап кылышкан. Айрым маалыматтарга караганда, бийлик өкүлдөрүнүн суранычы менен Батыров Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткен.
2010-жылы 10-июнда саат 22:00дө Ош шаарынын борбордук бөлүгүндөгү казино, жатакана, филармония жана башка жерлеринде жаңжал чыгарылган. Бийлик өкүлдөрү чогулгандарды башкара албай калышкан. "Жатаканада кыздарды зордуктады" деген сөздөр тарап, башка жактагы тургундардын тез арада чогулушуна түрткү болгон.
2010-жылы 11-июнда саат 02:00дө Убактылуу өкмөт өзгөчө кырдаал жарыялап, коменданттык саат киргизген.
Ошол эле күнү саат 04:00дө шаардагы "Фрунзе" базарына жакын жерде өрт, мародёрлук башталган. Өзбек улутундагылар көп жашаган айылдардагы жашоочулар борбордук көчөнү бууп алышкан.
12-июнда "баш аламандыкка Өзбекстандын куралдуу күчтөрү аралашты" деген айыңдар тараган. Июнь коогалаңында чогулгандар баррикадаларды тургузуп, Сузак районундагы Топурак-Бел ашуусунда өтүп бара жаткан унааларга ок чыгарышкан. Алар машиналар тайгалансын деп асфальт жолго мазут төгүп салышкан. Жыйынтыгында 16 адам өлтүрүлүп, 2 адам дайынсыз жоголгону айтылган. 9 машина өрттөлгөнү маалым болгон. Анын ичинде Кыргыз-Өзбек университетин өрттөөгө аракет кылышкан.
13-июнда айылдарга чабуулдар улантылганы менен, барымтага алуу, зомбулук көрсөтүү азайган.
14-июнда Ош шаарында жаңжал басаңдай баштаган. Ал эми Жалал-Абадда 15-июнь күнү турукташкан.
Июнь окуясында жабыр тарткандар тууралуу, тагыраак айтканда, жаракат алгандар боюнча так маалымат жок. Айрым расмий маалыматтарда 893 адамдын каза болгону айтылса, расмий эмес маалыматтарда баш аламандыктын биринчи күнүндө 800 адам мерт болгону айтылып келет. Ошондой эле дайынсыз жолголгондор да айтылып, бирок алардын так саны жарыяланган эмес. Бейөкмөт уюмдар иликтөө жүргүзүшүп, 457 адамдын курман болгонун айтышкан. Ош облусунда орун алган окуя боюнча 5162 кылмыш иши ачылганы айтылган.
Расмий маалыматтар боюнча, Июнь окуясында жалпысынан 2300 имарат талкаланып-өрттөлгөн. Анын ичинен 1975и турак жай, 299 соода түйүнү, 32 мамлекеттик мекеме жана 15 инфраструктуралык объект болгон.