Жети-Өгүз районунда зордукталып өлтүрүлгөн 17 жаштагы студент кыздын денеси табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, 7-июнь күнү Жети-Өгүз районунун Бурма-Суу айылынан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал зордукталып, анан өзүнүн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркум Каракол шаарындагы медициналык окуу жайда 2-курста окучу. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.