Белгисиз “кан соргуч” делген жандыкты атып өлтүргөн адамга 5 миң сом сыйлык берилет. Бул тууралуу Кочкор районунун акими Жылдызбек Шералиев бүгүн, 10-июнда билдирди.
Ошондой эле район башчысы жергиликтүү тургундарды короо-жайларын бекем кармап, сак болууга чакырды.
Айта кетсек, буга чейин Кочкор районунда белгисиз “кан соргуч” делген жандык пайда болгону айтылган. Ал эми район акими алардын бешөө атылганын айткан эле.