Кочкор районунда белгисиз “кан соргучту" издөөгө аңчылар тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Кочкор айылында жүргөн SUPER.KG порталынын кабарчысы Бекжан Рыскулов билдирди.Анын айтымында, аталган аймактагы тургундар кооптонуп, коркуп жатышкан учур. "Кочкор айылында жалпысынан 30га жакын койдун канын соруп кеткени айтылды. Анын кандай жандык экенин эч ким так билбейт. Мүрзөнүн айланасында жүрүшү мүмкүн деген божомолдор айтылып, айыл четинде жайгашкан мүрзө тарапта издөөлөр жүрүп жатат. Ага 20га чукул адам катышууда. Аңчылар издеп жатышат.
Жергиликтүү тургундар жандыктын буттары кыска экенин жана итке окшоштугун айтышууда",- деди ал.