Кыргызстандын калкынын 61,3 пайызы Бажы биримдигине кирүүнү колдоодо. Бул тууралуу маалымат “Экономикалык интеграциянын өлкөнүн экономикалык-социалдык кырдаалына тийгизчү таасири” аттуу сурамжылоонун жыйынтыгынан алынды.
Ага таянсак, Ош облусунан тышкары бардык облустарда калктын жарымынан көбү аталган биримдикке кирүүнү колдоодо. Ош облусунда калктын 43,6 пайызы Бажы биримдигине кирүүгө макул болсо, 48 пайызы каршы чыгууда. Ал эми Бажы биримдиги боюнча маалыматы эң аз деп табылган Нарын облусунда калктын 56,3 пайызы ушул биримдикке кирүүнү толугу менен колдоодо.
Белгилей кетсек, аталган сурамжылоо 2014-жылы республика боюнча 50 конушта өткөрүлүп, анда 17 жаштан жогорку курактагы 800 адам суралган. Сурамжылоону "М-Вектор", "Кооперейшн" жана "Борбор Азия кыймылда" аттуу уюмдар жүргүзгөн.