Кыргызстандыктар “Бажы биримдигине кирүү менен нан азыктары кымбаттап кетет” деген коркунучта

Кыргызстанда калктын 63,4 пайызы Бажы биримдигине кирүү менен нан азыктары кымбаттап кетүүсүн күтүшөт. Бул тууралуу маалымат “Экономикалык интеграциянын өлкөнүн экономикалык-социалдык кырдаалына тийгизчү таасири” аттуу сурамжылоонун жыйынтыгынан алынды.

Ага таянсак, кыргызстандыктар аталган биримдикке кирген соң бардык азык-түлүктөрдүн кымбаттоосун күтүшөт. Ал эми “күйүүчү майлардын баалары өсүп кетпейт” деп сурамжылоого катышкандардын 30,1 пайызы жооп берди. "Унаанын баасы кымбаттайт" деген ойдогулар сурамжылоого катышкандардын 7 пайызын түзөт. 

Белгилей кетсек, аталган сурамжылоо 2014-жылы республика боюнча 50 конушта өткөрүлүп, ага 17 жаштан жогорку курактагы 800 адам катышкан. Аны "М-Вектор", "Кооперейшн" жана "Борбор Азия кыймылда" аттуу уюмдар жүргүзгөн. Буга чейин Нарын облусу Бажы биримдиги боюнча маалыматы эң аз облус деп табылды жана Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү Бажы биримдигине кирүүнү колдоодо деген маалыматтар SUPER.KG порталында жарык көргөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kalbek87
2014-06-12 18:36:35
ТС га кирсек нан азыктары эле эмес бардык нерсе кымбаттайт. Бул нерсени элдин 95%ы тушунуп турат.
0
wizard
2014-06-12 20:35:52
super.kg каяктан сурады экен, мына мен айтам КРдагы кемба галдар 100%каршы!кембагал уй булолор 40%экен.Башкалар да каршы!
-1
AZIK01
2014-06-12 23:36:57
wizard, супер.кг сураган жок. Экономикалык интеграциянын
өлкөнүн экономикалык-социалдык кырдаалына тийгизчү таасири” аттуу
сурамжылоонун жыйынтыгынан
алынды." ушундай деп турбайбы
+1
aida2013
2014-06-12 21:03:20
дагы эмне кымбаттайт туугандар ар нерсени айта берип баш ооруп чыкты нан кымбаттагандан кийин иштин буткону да .......
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан