Мамлекеттик айыптоочу экс-мэр Иса Өмүркуловго 8 жыл сурап, айыпталуучуларды сот залынан камакка алууну өтүндү

Мамлекеттик айыптоочу экс-мэр Иса Өмүркуловго 8 жыл сурады. Бул маалыматты 12-июнда сот отурумунда катышкан жаш активист Мавлян Аскарбеков ырастады.

Маалыматтарга караганда, Октябрь райондук сотунда өткөрүлгөн сот отурумунда мамлекеттик жактоочу Иса Өмүркуловду үй-мүлкүн конфискациялоо жана мамлекеттик муниципалдык кызматтарда 3 жылга чейин иштебөө чеги менен 8 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Буга катар эле мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуларды сот залынан камакка алып, күчөтүлгөн режимдеги колонияда камак күнүнөн тарта жаза өтөө убактысын эсепке алып баштоону өтүнгөн.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
tairbek.
2014-06-12 19:09:40
Суранган боюнча калып кеттиби же ошол бойдон сот процесси буттубу ?
0
Aimeerimka
2014-06-12 19:59:31
Жакшы качканы улгурбой калыптыр. Билген эмес болуш керек камалып кетишин, билгенде качып кетмек.
+1
oken02
2014-06-12 20:13:56
бул бийлик ошондой сурандырат да, 8 жыл зонада боло турган болсо анда 3 жылга чейин кайда иштебейт деп былжырап жатат
+1
maks83
2014-06-12 21:22:42
ичип жегени чын болсо камалсын да
+1
Murok
2014-06-12 21:34:40
Мне балее Иштен кетсе эле чукумай? Кыргыздар ошон учун онукпойбуз.
0
edu.kg
2014-06-12 21:42:18
Менимче ушулбойдон калып калатго. Куноосу болсо жооп бериш керек эл алдына.
+1
bakyrankoz
2014-06-12 21:47:08
бул атамбаевдин кишиси кантип камасын жегичти камаса келдибековдой эле камап койбойт беле бизде каяктагы акыйкат
0
meridian
2014-06-12 21:51:47
АШАдосун эч качан камабайт туугандар.
0
aibekkk
2014-06-12 22:17:47
аша эч качан муну камай албайт анткени аша өзү да таза эмес.камалса булда жон жатпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан