Ошто биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жол-жоболорун көргөзгөн жыйын өттү

12-июнда Ош шаарында калктын биометрикалык маалыматтарын чогултууга даярдык жүргүзүүнүн алкагында биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жол-жоболорун көргөзгөн жыйын өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Жыйынга Ош шаардык мэриясынын алдында түзүлгөн штабдын курамы, аймактык кеңештерде биометрикалык маалымат чогултууга тартылган жумушчу топтордун мүчөлөрү жана Ош облусу менен Ош шаарында биометрикалык база түзүүгө тиешеси бар кызматкерлер катышты.

Анда «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын адистери тарабынан биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча кеңири маалымат берилди.

Айта кетсек, иш-чараны Ош шаардык мэриясы, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасы биргеликте уюштурду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан